Кызыл-Кыяда 32 жаштагы өзбекстандык аял кармалды
Кызыл-Кыя шаарында уурулукка шектелип 32 жаштагы өзбекстандык аял киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 1-март күнү шаардагы Таштемир ажы базарынын ичиндеги кийим сатуучу дүкөндө соода кылган жарандын сумкасы менен акчасын уурдаган. Буга улай эле 15-мартта ошол эле базардагы дүкөндөрдүн биринде турган белгисиз сумканын ичиндеги капчыкты, банктык картаны жана паспортту уурдаган.
Эки факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Текшерүү иштеринин жыйынтыгында жалпы материалдык чыгым 21 миң сомду түзгөн. Шектүү базар ичине коюлган видеобайкоолордун жардамы менен колго түшкөн.
Фото: Баткен ОИИБ
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.