Таласта 162 миллион сомдук мамлекеттик жерди имараты менен 2 миллионго сатууну көздөгөндөр аныкталды
Талас облусунун прокуратурасы "Талас балык чарбасы" мамлекеттик ишканасы менен башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары баасы 162 миллион 106 миң 520 сомдук 104,5 гектар жер тилкеси менен административдик имаратты жеке менчикке болгону 2 миллион 380 миң 729 сомго сатууга аракет кылгандыгын аныктады. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалымдалгандай, натыйжада мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схемага бөгөт коюлду.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.