Депутаттар Султанбай Айжигитовго бүгүн борбордук трибунадан сүйлөөгө уруксат беришти
Бүгүн, 19-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов борбордук трибунада сүйлөө үчүн 10 мүнөт убакыт сурады.
Сунуш добушка коюлуп, каттоодон өткөн 87 депутаттын 49у "макул" болсо, үчөө "каршы" берди. Калган эл өкүлдөрү добуш бербей коюшту.
Жыйынтыгында Султанбай Айжигитов борбордук трибунадан сүйлөөгө уруксат алды.
Эске салсак, Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин 12, 13-мартындагы жыйынында да "Ыйман нуру" фракциясынан чыгарылышы боюнча пикирин билдирүү үчүн 10 мүнөт убакыт сурап, депутаттар макулдук бербей коюшкан.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

