Малайзиянын өкмөтү магистратура жана докторантурада окуу үчүн стипендия берет
Малайзия өкмөтү техникалык кызматташтык программасынын алкагында магистр жана доктор наамдарын алууну каалаган студенттерге стипендия сунуштап жатат. Бул тууралуу КРнын Билим берүү министрлигинин сайтында маалымдалган.
Приоритеттүү багыттардын катарына илим , техника, айыл жана балык чарбасы, экономика, исламдык каржылоо, биотехнология, биологиялык жана өндүрүштүк коопсуздук, инфраструктура, медицина жана айлана чөйрө тармагы кирет.
Стипендиялар магистратура боюнча 2 жылга чейин, докторлук программасы боюнча 3 жылга берилет. Каалоочулар 2014-жылдын 31-мартына чейин документтерди жөнөтүшү керек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

