super.kg logo
  Саясат  

"Орозодо дуба кылгыла!" Ташиев депутат Самыйкожонун сунушун туура эмес деп тапты (видео)

 

Бүгүн, 19-марттагы Жогорку Кеңеште комитеттердин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо маселеси каралды.

Анда депутаттарды жетишилген келишим менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев тааныштырган соң суроо-жооп болду. Эл өкүлү Мирлан Самыйкожо чек аранын чечилишин кубаттап, чек ара жаңжалдарында курман болгондорду эскерүүнү сунуштады.

"Чек араны коргоодо мергенчилердин эмгеги өтө чоң болду... Кесиптештер мергенчилерге ыраазычылык айтып койбойлубу, алар чындап элди, жерди коргоп берди. Тирүү калгандарына мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүп койсок. Андан сырткары чечилди деп эле жөн жатпастан, эми чек арага 2-3 эсе күч түзүмдөрүн күчөтүп, зым тартып коёлу... Анан ошол көзү өтүп кеткен баатырларыбызга таазим кылып, ордубуздан 1 мүнөт туруп эскерүү кылып койсок", - деп кайрылды ал парламентте.

Ташиев мындай жорук ислам динине туура келбестигин белгиледи.

"Эми ордубуздан 1 мүнөт же 1 саат турабызбы, ал таазим көрсөтүлүп эле келе жатат. Мусулманчылыкта андай нерсе жок. Орозо маалында жакшылап дуба кылгыла! Ошол жакшы болот!" - деди атайын кызматтын жетекчиси.






Жогорку Кеңеш 19.03.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: