super.kg logo

"Көлбаевди каржылаган". УКМК Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэрин кармады

 

Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри маркум кримтөбөл Камчыбек Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн каржылоо жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында С.Т.К. аттуу жаран (криминалдык чөйрөдө Потап лакап аты менен белгилүү) кармалган.

"Анын мыйзамдагы ууру Көлбаев менен жакын мамиледе болгондугу аныкталды. Анын протекциясы боюнча 2017-жылы Чолпон-Ата шаарынын аймагында Көлбаевдин бизнес долбоорлорун андан ары илгерилетүү максатында Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп шайланган. Мындан тышкары С.Т.К. криминалдык чөйрөдөгү абалын пайдаланып, айрым адамдарга жана ишкердик субъекттерге колдоо көрсөтүп, ал үчүн акча каражаттарын алган", - деп билдиришти УКМКдан.

13-мартта чогултулган материалдардын негизинде С.Т.К. кармалып, Октябрь райондук сотунун токтомунун негизинде камакка алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: