super.kg logo
  Саясат  

Ташполот Балтабаев: “Зарылбек Рысалиев түрмөдөгү Абдулла Юсуповду курал катары колдонуп жүргөнү далилденди”

 

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев түрмөдөгү Абдулла Юсуповду “Ата Мекен” фракциясынын айрым депутаттарына каршы курал катары колдонгону тастыкталды. Муну “Ата Мекен” фракциясынын 10-январдагы жыйынында депутат Ташполот Балтабаев айтты. Белгилүү болгондой, жакында аталган фракциянын депутаттары Бишкектеги №1-СИЗОго барып, ал жердеги жагдай менен таанышып келген. 

“Камактагы Раушан Рыкунова аттуу жарандын кайрылуусу боюнча СИЗОго барып, жагдай менен таанышып келдик. Рыкунова СИЗОдо Зарылбек Рысалиев тарабынан укугу тепселенип жатканын айткан. Биз барып мекеменин жамааты менен ачык сүйлөшүү жүргүздүк. Жыйынтыгында Рыкунованын айткандары далилденди. ЖАМКнын башчысы Зарылбек Рысалиев камактагы Абдулла Юсуповду “ата мекенчи” депутаттарга каршы курал кылып колдонгону да тастыкталды. Ал жердегилер айткандай, Юсупов менен Рысалиев түздөн-түз жолугуп сүйлөшүп турганы белгилүү болду”,- деди депутат.

Жыйында депутаттардын СИЗОго болгон иш сапары тууралуу видеотасма көрсөтүлүүдө.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: