super.kg logo

Түндүк Корея коргонууда кыйраткыч куралдарды колдонууга даяр экенин жарыялады 

 

Пхеньян өлкөнүн көз карандысыздыгын коргоо үчүн кыйраткыч куралдарды колдонууга даяр. Бул тууралуу Түндүк Кореянын борбордук маалымат агенттиги маалымдады.

Буга АКШ менен Түштүк Кореянын 10-марттан 20-мартка чейинки аралыкта биргелешип өткөргөн аскердик машыгуулары себеп болгон.

"Вашингтон менен Сеул демейде коргонуу мүнөзүндөгү машыгуулар катары айтып келишкени менен, башынан аягына чейин биздин мамлекетти басып алууга багытталган агрессивдүү согушка даярдануу экени көрүнүп турат. Түндүк Кореянын тиешелүү мыйзамында мамлекетибиздин эгемендигине коркунуч келтирген душмандык күчтөрдү жок кылуу үчүн кандай каражаттар жана ыкмалар колдонулушу керектиги так жазылган.

Биздин куралдуу күчтөр АКШ менен Түштүк Кореяны токтотуу, чагымчылдыгын жок кылуу үчүн эң кыйратуучу жана өлүмгө алып келген аскердик каражаттарды колдонуу менен кошо бардык мүмкүн болгон варианттарды карап жатат", - деген Түндүк Кореянын Коргоо министрлигинин өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: