super.kg logo

Камакка алынган Стамбул шаарынын мэри Имамоглу түрк элине кайрылуу жасады

 

Коррупция боюнча тергөөнүн алкагында камакка алынган Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу Х социалдык тармактагы баракчасы аркылуу тарапкерлерин өз укуктары үчүн күрөшүүгө жана ар кайсы шаарлардын борбордук аянттарына чыгууга чакырды.

"Улутубузду жоопкерчилик сезими менен укуктар үчүн күрөшүүгө чакырам. Бул укук күрөшү улутубуздун жана балдарыбыздын келечегинин маселеси. Бүгүн Түркиянын келечеги үчүн сөзсүз добуш бергиле. Стамбулдун Сарачане аянтында жана башка шаарлардын демократия аянттарында чогулуп, үнүңөрдү жеткизгиле. Бул күн элдин эркин уурдагандарга каршы жоопкерчиликти алып, укуктар үчүн күрөшкө кошула турган күн", - деп жазды ал.

Шаар башчысы 19-мартта кармалган. Ал коррупцияга айыпталып, төрт күнгө камакка алынган. Мунун фонунда түрк лирасынын курсу рекорддук деңгээлге түшүп, Стамбулдун борбордук көчөлөрү жабылып, негизги социалдык түйүндөр жана мессенжерлер иштебей калган.

Имамоглу оппозициядагы Республикалык элдик партиянын лидерлеринин бири жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын негизги саясий атаандашы. Кармалганга бир нече күн калганда анын диплому жокко чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: