super.kg logo

ИИМ: "Бизге эч ким жарамазан айтып келген эмес эле, аябай кубандык" (видео)

 

SUPER.KG порталы жыл сайын салттуу түрдө чыгармачыл адамдар менен биргеликте жарамазан айтууну уюштуруп келет. Быйыл биздин чыгармачыл топ жылдагыдан өзгөчөлөнүп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги жана борбор калаадагы базарларга барды.

Чыгармачыл топ аталган мекемелердин кызматкерлерине күтүлбөгөн жерден шаан-шөкөт менен барып, жакшы маанай тартуулады. Иш-чарага белгилүү жылдыздуу түгөйлөр – Самат Муратбеков жана жубайы Жика Садыр кызы катышты.

ИИМдин өкүлү министрликтин имаратына биринчи жолу жарамазан айтылып жатканын сөз кылып, чыгармачыл топко ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, жарамазан айтуу учурунда түшкөн каражат учурда дарыланууга муктаж болгон Байханга акча чогултуп жаткан кайрымдуулук фондуна тапшырылды. Быйыл бул иш-чара улуттук баалуулуктарды сактоо менен катар муктаждарга жардам берүү максатын дагы көздөдү.

Толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: