super.kg logo
  Саясат  

Ташполот Балтабаев прокуратура өкүлүнө: “Эмне, Зарылбек Рысалиевге алыңар жетпейби?”

 

“Зарылбек Рысалиевдин мыйзамсыз иштери боюнча аны жоопко тартууга алыңар жетпейби?”- деди депутат Ташполот Балтабаев “Ата Мекен” фракциясынын 10-январдагы жыйынында. Депутат айрым “ата мекенчи” депутаттарга тагылган талап-тоноо фактысы боюнча иштин материалдарын прокуратура бүгүнкү күнгө чейин өзүнө ала электигин сындады.

“Эмнеге 4 ай мурун тергелип бүткөн материалдар азыркыга чейин Зарылбек Рысалиевдин сейфинде жатат? “Күндү алакан менен жаба албайсың” деген сөз бар. “Ата Мекен” партиясы 20 жылдан бери адилетсиздик менен күрөшүп келген партия. Эмне, мыйзамсыз иштери үчүн Зарылбек Рысалиевге алыңар жетпейби?”,- деди Балтабаев.

Ал эми Өмүрбек Текебаев “Юсупов бир жалган маалымат айтса, президент баш болуп комиссия түзөсүңөр да, СИЗОдогулар “кор болдук, бизди кылмышкер Юсупов башкарып алды” деп жатса тайсалдайсыңар”,- деди.

Прокуратура өкүлү материалдар боюнча сөзсүз тергөө жүрө турганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: