Баткен. Кадамжай шаарынын мэри Асанбай Пазылов кызматынан бошотулду

Кадамжай шаарынын мэри Асанбай Пазылов кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. Бул тууралуу бүгүн,10-январда Кадамжай шаардык мэриясынан билдиришти.
Өткөн жылдын декабрь айында Кадамжай шаардык кеңешинин 21 депутатынын 14ү шаар мэри Асанбай Пазыловго ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Алар Пазылов тарабынан бир нече мыйзамсыз иш-аракеттердин жасалганын айтышкан.
Белгилей кетсек, Асанбай Пазылов 2013-жылдын 29-январында Баткен облусунун Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан мэр болуп дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

