Ошто мыйзамсыз диплом берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан билим берүү жаатындагы мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.
"Анын жүрүшүндө райондун аймагында жайгашкан №109 кесиптик лицейинде иш жүзүндө окубаган, өлкө аймагында болбогон 10 студентке экзамендик баалар коюлуп, окууну аяктагандыгы тууралуу тийиштүү адистиктер боюнча мыйзамсыз дипломдорду берүү фактылары аныкталган", - деп жазылат анда.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.
Фото: Интернеттен алынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.