super.kg logo
  Саясат  

SUPER.KG'де рекорддорду жаңылоо жылы болду

 
SUPER.KG КМШ өлкөлөрүндөгү эӊ популярдуу ММКлардын сайттарынын алдынкы жыйырмалыгында ишенимдүү келе жатат.
SUPER.KGге баш баккандардын саны 2012-жылдын декабрь айында 188 244 болсо 2013-жылдын декабрында көрсөткүч 353 946га жетти.

Кыргызстандагы кыргыз тилдүү сайттардын сап башында турган SUPER.KG порталы 2013-жылды рекорддорду жаӊылоо менен ийгиликтүү жыйынтыктады. Алсак, дал ушул 2013-жылы SUPER.KG'ге баш баккандардын саны 300 000ден ашкан. Тагыраак айтканда, эгер 2012-жылдын декабрь айында бул көрсөткүч 188 244тү түзсө, 2013-жылдын декабрында 353 946га жетти. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге жакын өскөнүнөн кабар берет. 

Дагы бир көрсөткүч, 2013-жылдын апрель айында порталда бир эле учурда 12 000 колдонуучу саякаттап жүргөн болсо, декабрда 15 535 колдонуучу бир учурда порталга кирип, өзүнө кызыктуу кабарды окуп, музыка угуп, видео көрүп, талкууларга катышып, дегеле издеген кызыктарды дал ушул булактан таап жатышты.  

Ошондой эле бир нече жылдан бери SUPER.KG КМШ өлкөлөрүндөгү эӊ популярдуу ММКлардын сайттарынын алдынкы жыйырмалыгында ишенимдүү келе жатат. 

Мунун баары эмнеден кабар берет? Бул Кыргызстанда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жашап-иштеп жүрүшкөн мекендештерибиздин ишенимине арзыганыбыз. Алыс-жакында жүргөн мекендештерибиз үчүн SUPER.KG ишенимдүү маалымат булагына айланып, сагыныч-жарпын жазуучу, өлкөбүздө болуп жаткан иштер менен окуяларды талкууга алуучу аянтчага айланганынан кабар берет. 

Колдонуучуларыбыздын бизди тандап, бизге көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылык билдиребиз жана сиздерди күнү-түнү маалымат менен камсыздап, көңүлдүү маанай жаратууга дайым даярбыз!    


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 15 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: