super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова 30-декабрда жарыкка келген 3 эмден кабар алып, белек тапшырып кетти

 

“Кудайга шүгүр, ымыркайларымдын ден соолугу жакшы. Уулумду Амир, кыздарымды болсо Амира, Амина деп атадык. Дарыгерлер жакшы карап жатышат. Кечээ Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова келип, ал-абалыбызды сурап, балдарыма 3 жумшак оюнчук жана памперс тапшырып кетти”,- деп билдирди бүгүн,10-январда үч эмди жарыкка алып келген жаш эне Бактыгүл Молдотаева.

Эске салсак, Жаңы жыл алдында, тагыраак айтканда, 30-декабрда саат 15:00дөр чамасында Бишкек шаардык перинаталдык борборунда 4 эм, 2 кыз, 2 уул төрөлгөн. Тилекке каршы, жакшы өөрчүбөгөндүктөн эркек балдардын бири жатындан чыга электе эле чарчап калган. 

2-январда жаш эне менен маек курганыбызда ал "булардан тышкары үйдө 6 жаштагы кызым жана 3,5 жаштагы уулум бар. Жолдошум куруучу болуп иштейт. Келечек жаңы конушунда батирде турабыз. Эми үйгө чыксак, 5  бала менен бир бөлмөдө кыйналам го деп ойлонуп жатам" деген оюн билдирген эле. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: