Айрым аймактарда кар жаайт. Эртеңки күнгө карата аба ырайы
Эртең, 30-мартта Ысык-Көл, Нарын Жалал-Абад жана Чүй облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлайт.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +10 ... +15;
Талас жергесинде түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +8 ... +13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +14 ... +19;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4 ... -1, күндүз +6 ... +11;
Нарын дубанында түнкүсүн 0 ... -5, күндүз +5 ... +10;
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1 ... -3, күндүз +13 ... +15 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.