super.kg logo

Таласта жер титирөөдө 48 үй жабыркаганы аныкталды

 

Талас районунда 28-мартта катталган жер титирөөлөрдө жабыркаган 48 үй аныкталып, акт түзүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалыматында айтылат.

Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы берген маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жабыркаган 48 турак үйдүн 31и камсыздандырылган. Калган 17 үй камсыздандыруудан өткөн эмес.

Жарака кеткен үйлөр:

Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылында – 26;

Арал айылында – 12;

Үч-Эмчек айылында – 2;

Шумкар-Уя айыл аймагынын Талды-Булак айылында – 6;

Чоң-Алыш айыл аймагынын Манас айылында – 1;

Кең-Кол айыл аймагынын Көк-Ой айылында – 1.

Белгилей өтсөк, 28-мартта саат 04:42де Казакстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 6 балл, Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга чейин сезилген.

Ал эми ошол эле күнү саат 16:56да Талас облусунун аймагында экинчи ирет жер титирөө болгону маалымдалган. Анда Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3,5 баллга чейин сезилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: