super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын эки депутаты мандатынан ажырады

 

Бүгүн, 10-январда  Жалал-Абад шаарындагы аймактык шайлоо комиссиясынын кезектеги отурумунда «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы сунуш кылган Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары Айнура Осмонова менен Абибилла Тагаевди депутаттык мандатынан ажыратып салуу маселеси каралды. Бул тууралуу аталган партиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйынга аймактык шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсүнүн 9у катышты. Жыйынтыгында жыйынга катышкан шайлоо комиссиясынын 9 мүчөсүнүн жетөөсүнүн макулдугу менен аталган эки депутат мандаттарынан ажыратылды.

Эскерте кетсек, былтыркы жергиликтүү кеңештерге шайлоодон бул эки депутат «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси менен келип, депутаттык мандат алышкан.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: