super.kg logo
  Саясат  

Депутат Жогорку Кеңеш жакында кабыл алган мыйзамды кайра карап чыгууну сунуштады

 

Бүгүн, 3-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов буга чейин кабыл алынган мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салуу боюнча мыйзамды кайра карап чыгууну сунуштады.

Анын айтымында, дарыгерлер жеке клиникаларга иштеп кетип, мамлекеттик ооруканаларда дарыгерлер жетишсиз болууда.

"Мурунку министрдин сунушу боюнча, мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салганбыз. Ушуну кичине эртерээк кабыл алып алганбызбы дейм да. Бул маселени кайра карап чыгууну сунуштайм. Мамлекеттик ооруканаларда дарыгерлер жеке клиникаларга кетип жатышат. Мамлекеттик ооруканалардагы айлык акыны жеке клиникалардын деңгээлине жеткиргенге чейин муну кайра карап чыксак", - деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам өткөн жылдын 19-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анда мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерин жеке клиникаларда бир убакта иштөөгө тыюу салынган.






Жогорку Кеңеш

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: