super.kg logo
  Саясат  

Балбак Түлөбаев эл эмнеден улам ооруп жатканын айтты (видео)

 

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев өлкөдө мал багуунун методологиясын карап чыгууну сунуштады. Мындай пикирин эл өкүлү бүгүн, 7-апрелде парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында айтты.

"Кыргызстанда малды багууда методология барбы? Элге көрсөтүшүбүз керек да семиртип сатууда. Мисалы, биз илгери арпа, сулуу менен малды байлачубуз. А азыр жалаң буудай менен байлап, элдин баарын кан басым, кант диабети кылып жатабыз. Буудай – бул күчтүү. Малды буудай менен байлабайт. Ал малдын этин жегенде адамдын кан басымы көтөрүлөт, кант диабети болот. Ата-бабабыз арпа, сулуу, чөп менен малды байлап келген. Ушунун методологиясын элге түшүндүрсөңөр", - деп депутат Айыл чарба министрлигинин өкүлүнө кайрылды.

Ошондой эле Түлөбаев малды дарылоодо Нитоксту колдонуу кооптуу экенин айтып, өлкөдө ага тыюу салуу зарылдыгын кошумчалады.






07.04.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: