super.kg logo

УКМК Баткенден Равшан-Тентекти кармады (видео)

 

Женго каймана аттуу Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар Равшан-Тентек криминалдык аты менен белгилүү 58 жаштагы А.Р. аттуу жаран Баткен шаарынан кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, аталган жаран 2001-жылы Дара айыл өкмөтүнүн "Жетиген" техникалык сервисинин балансында турган Көк-Дөбө дачасынын өзүнө чектеш аймагынын 1,5 гектар жерин мыйзамсыз ээлеп алган. Кийин документтерди Баткен шаардык башкармалыгы аркылуу мыйзамдаштырган. Андан соң ал аталган аймакта чарбалык курулуштары бар турак үй курган.

"2004-жылы кылмыштуу кирешелерин жашыруу максатында мүлктү жакын тууганына каттаткан. Ошондой эле А.Р.О. өзүнүн кылмыш чөйрөсүндөгү абалынан пайдаланып, Баткен районунун аймагындагы бир нече жер тилкелерин жана кыймылсыз мүлк объекттерин мыйзамсыз ээлеп алып, жакын туугандарынын атына каттатып алган. Алсак, Баткен районунун Бүжүм айылындагы 15 гектар айыл чарба жер тилкесин мыйзамсыз пайдаланып, эгиндерин сугаруу максатында төмөндө жайгашкан калктуу конуштардын тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуучу Таза-Суу скважинасына өзүм билемдик менен кошулган.

Натыйжада аталган конуштун тургундарында ичүүчү суунун жетишсиздиги көйгөйү жаралган.

Мындан тышкары ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренеси менен электр энергиясын өз алдынча пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Тактап айтканда, ал 2001-2025-жылдары электр тармактарына эсепке алуучу шайманы жок мыйзамсыз кошулуп, натыйжада мамлекетке 1 миллион 200 миң сомдон ашуун зыян келтирген", - деп билдиришти УКМКдан.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө каттоосу жок ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылган.

Учурда А.Р. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.






УКМК Равшан Тентекти кармады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: