super.kg logo

Мамлекеттик гимндин долбоорун тандоо боюнча комиссиянын экинчи отуруму өттү

 
Бүгүн, 9-апрелде Мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциядагы мыкты долбоорун тандоо боюнча комиссиянын 2-отуруму өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Анда сынакка келип түшкөн долбоорлор комиссиянын кароосуна коюлган.
Комиссия мүчөлөрү келген долбоорлорду угуп, мазмундук, музыкалык жана поэтикалык жактан эң татыктууларын иргеп алуу боюнча сунуштарын беришип, отурум суроо-жооп жана талкуу менен уланды. Долбоорлорду кароо эртең, 10-апрелде да уланат.
Маданият министрлигиндеги түзүлгөн техникалык топ тарабынан комиссия мүчөлөрүнө, 90 толук долбоор (тексти, музыкасынын партитурасы, коштоосу менен), 3 ырдын тексти, музыкалык коштоо менен, 3 ырдын тексти, музыкасынын партитурасы менен, 2 жөн гана музыкасы, 10 ырдын тексти, музыкалык аспапсыз үн коштоосу менен, 177 ырдын тексти өткөрүлүп берилген.

Эске салсак, былтыр 25-октябрда жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстандын гимни өзгөртүлө тургандыгын айтып чыккан. Андан кийин 30-октябрда президент Садыр Жапаров мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча "Кабар" агенттигине комментарий берип, гимнди өзгөртүүнү колдой турганын билдирген.

Мындан улам 7-февралда Маданият министрлиги Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча республикалык сынак жарыялаган. Ага композиторлор, музыканттар, акындар, автордук жамааттар жана чыгармачыл бирикмелер катыша ала турганы айтылып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык бериле турганы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: