super.kg logo
  Саясат  

ЖАМКтын Кайтаруу жана конвой департаментине жаңы жетекчи дайындалды

 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин башчысы болуп Курманбек Сокеев дайындалды. Бул жөнүндө мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, жаңы жетекчини эмгек жамаатка Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Чыңгыз Кожошев тааныштырды.

Сокеев Куралдуу күчтөрүнүн катарында 1993-жылдан бери кызмат өтөп келе жатат. Кызмат жолунда ИИМдин Ички аскерлеринин, Кайтаруу жана конвой департаментинин бардык өзүнчө жайгашкан бөлүкчөлөрүндө катардагы кызматкерден тартып жогорку кызмат ордуна чейинки тепкичтерди басып өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: