super.kg logo
  Саясат  

"Келбей эле коймокмун". Депутат Атамбаев кесиптешинин атасы тууралуу айтканына нааразы болду (видео)

 

Бүгүн, 9-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Талкуу учурунда депутат Балбак Түлөбаев аталган мыйзам коомчулукка керек экенин айтып, колдоорун билдирди.

"Убагында мен да журналист болгомун. Аят гезитинде башкы редакторлукка баргам, саясий баяндамачы болгом. Алмаз Шаршенович Атамбаев менен чабышкам. Ошондо мыйзам кандай болушу керектигин жон терим менен сезгем", - деди ал.

Түлөбаевдин сөзүнө териккен кесиптеши Сеид Атамбаев ага жооп кайтарды.

"Азыр кесиптешим "Атамбаевдин убагында чабыштым" деп жатат. Акыркы убакта Атамбаевдин фамилиясы көчүккө кирген тикенектей болуп калды да. Негизи этика деген бар. Өзүңүз келип туруп эле "азыр Атамбаевди шыбайбыз, сен келбей эле кой" десеңиз болмок. Мен келбей эле коймокмун", - деди эл өкүлү.






Жогорку Кеңеш 09.04.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: