super.kg logo
  Саясат  

Туманбаев курулуш иштерине материалдарды Кытайдан алып келүүнү көздөп жатканын айтты (видео)

 
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев курулуш министри Нурдан Орунтаев менен Кытай өлкөсүндө иш сапары менен жүрөт.
Туманбаев социалдык баракчасынан билдиргендей, Кыргызстандагы курулуш иштерине Кытайдан материал алып келүү үчүн, Суардагы жергиликтүү курулуш материалдарын өндүргөн ишканалардын, темир жана башка негизги материалдарды чыгарган заводдор менен жеринде таанышып жүрөт.
"Бул ишканалардын заманбап технологияларды колдонуп, өндүрүштү натыйжалуу жүргүзүп жатканын көрүү биз үчүн жаңы тажрыйба болду.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда курулуш тармагы динамикалуу өнүгүп жатат. Шаар куруу, инфраструктуралык объекттерди өнүктүрүү, жолдорду салуу жана турак жай курулушу активдүү жүрүп жатат. Ага байланыштуу айрым курулуш материалдары тартыш болгондуктан, Кытайдын курулуш материалдарын пайдаланууга кабыл алууну пландап жатабыз. Анын ичинде арматураны тийешелүү лабораториядан өткөрдүк. Натыйжалар талапка ылайык жана сапаттуу деп көрсөтүп жатат. Биз эми курулуш материалдарынын тартыштыгын жоёбуз", - деп калтырган билдирүүсүндө.
Ошондой эле келечекте Кыргызстанда темир өндүргөн жана кайра иштеткен ири заводдорду куруу планы бар экенин кошумчалады.





10.04.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: