super.kg logo

Чеченстанда МАИ постуна кол салган жигиттин сөөгүн көчөгө алып чыгып коюшту

 

Чеченстанда МАИ постуна кол салган 17 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү шаардагы борбордук аянтка чыгарылды. Бул тууралуу Baza Telegram каналы жазып, андагы видео менен бөлүштү.

"Ачхой-Мартан айылында полиция кызматкерлерине кол салуу маалында ок жеген 17 жаштагы Эскерхан Хумашевдин сөөгү борбордук аянтка эл алдына коюлду. Сөөктүн тегерегине бир топ адамдар чогулган, алардын арасында Хумашевдин жакындары болушу ыктымал", - деп жазды аталган Телеграм канал.

Эске сала кетсек, 7-апрелде Чеченстанда МАИ постуна 17 жаштагы өспүрүм бычак менен кол салган. Ал эки МАИ кызматкерин жарадар кылгандан кийин окуя болгон жерде жок кылынган. МАИ кызматкерлери ооруканага жеткирилип, алардын бири өзүнө келбей каза болгон.

Кийинчерээк Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров полиция кызматкерине кол салууну уюштургандардын жана күнөөкөрлөрдүн үй-бүлөсүн жана бир туугандарын республикадан чыгарууну буйруган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: