"Мен Нурланбек Тургунбекович эмесмин". Жогорку Кеңештин төрагасы депутаттан фамилиясын туура айтууну суранды
Жогорку Кеңештин бүгүн, 10-апрелдеги жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу депутаттардан анын аты-жөнүн туура айтууну өтүндү.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Жанар Акаев төрагага "Нурланбек Тургунбекович" деп кайрылган. Анын сөзүнөн кийин эле төрага кесиптештеринен аты-жөнүн туура айтууну өтүндү.
"Өз убагында сөздү айтыш керек, мен Нурланбек Тургунбекович эмесмин. Мен Нурланбек Тургунбек уулумун, кыргызча жакшылап кайрылыңыздар. Нурланбек Тургунбекович жок", - деди ал.
Төрага кесиптештеринен аты-жөнүн туура айтууну өтүндү
Төрага кесиптештеринен аты-жөнүн туура айтууну өтүндү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

