super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө социалдык кызматкерлер эми жаңы унаалар менен кызмат кылат

 

Бүгүн, 10-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кызматтык унааларды тапшырды. Бул туурасында президенттин администрациясы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында жаңы 77 даана Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү унаа алынып келинди.

Касымалиев социалдык кызматкерлерди куттуктап жатып, алар ашыкча пиары жок, көйгөйлөрдү жүрөгү менен кабыл алып иштеп жатаканын белгиледи. Ошондой эле жаңы унаалар өлкөнүн бардык аймактарына жөнөтүлө тургандыгын кошумчалады.

“Албетте, биз азырынча бардык кызматкерлерди транспорт менен камсыздай албайбыз, бирок бул ишти улантуу зарылдыгын түшүнөбүз, бул унаалар артыкчылык эмес, биринчи кезекте жоопкерчилик экенин унутпашыбыз керек. Техникалык жактан жабдуу сиздердин ишиңиздердин натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу үчүн стимул болуп кызмат кыла тургандыгына ишенем. Тапшырылган унаалардын жалпы баасы 141,8 миллион сомду түзөт”, - деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда балдарды кошкондо 200 миңден ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашап жатат. Ал эми 500 миңден ашуун жаранга мамлекет тарабынан жөлөк пул чегерилүүдө. Мындан тышкары социалдык кызматкерлер 9 миңден ашык жалгыз жашаган улгайган жарандарды, майыптарды, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды, турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарды коргоого алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: