super.kg logo
  Саясат  

Депутат борбордук трибунадан өлкөнүн Чикагодогу Башкы консулдугун сынга алды (видео)

 

Бүгүн, 10-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов борбордук трибунадан өлкөнүн Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун ишмердүүлүгүн сынга алды.

Ал 5-6-апрель күндөрү АКШнын Огайо штатындагы Цинциннати шаарында кыргыз күрөшү боюнча алгачкы жолу ачык биринчилиги өткөнүн, ага өзү ардактуу мейман катары катышып келгенин билдирди.

Ормонов турнирди Эл аралык кыргыз күрөш федерациясы менен АКШдагы мекендештер өз күчү менен уюштурушканын, ага Өзбекстан, Орусия жана АКШнын 8 штатынан да балбандар катышканын белгилеп, иш-чарага чакырылыган Башкы консулдукдан бир да өкүл келбегенин айтты.

"Миңдеген чакырым алыстагы мекендештерибиз кыргыз экенин унутпай, улуттук кийимдерди кийип алып, мелдешти жакшы өткөрүүгө аябай даярданышыптыр. Ага Цинциннати шаарынын спорт башчылары да келишти. Бирок ошол жерге Башкы консулдуктан бир да адам келип катышпаганы мени өкүндүрдү. Бул биринчи жолу эмес экен. Мекендештер улуттук оюнду жайылтууга чоң салым кошуп жатышат. Ага жардам бербесе да, моралдык колдоо көрсөтүп койгону чоң белек болчу", - деди эл өкүлү.

Ормонов Башкы консулдуктун мындай кайдыгерлигине Тышкы иштер министрлиги көңүл буруп, Жогорку Кеңеш тарабынан баа берилиши керектигин кошумчалады.






Жогорку Кеңеш 10.04.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: