super.kg logo

Нью-Йорктогу дарыяга тик учак кулап түшүп, бир үй-бүлөдөн 5 адам каза болду (видео)

 

Кечээ, 10-апрелде туристтер бара жаткан тик учак Нью-Йорктун жанындагы Гудзон дарыясына кулап түшүп, 6 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, тик учакта учкуч жана Испаниядан келген туристтердин 5 үй-бүлө мүчөсү болгон. Тик учак кечээ түшкө жуук Манхэттен шаарынан көтөрүлүп, 20 мүнөттөн кийин дарыяга кулап түшкөн.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери аныкталууда. Социалдык тармактарга тараган видеодо тик учак вертикалдуу түрдө дарыяга кулап, абада оодарылып жатканын көрүүгө болот.

Ал эми Нью-Йорк полициясынын комиссары Жессика Тиш маалымат жыйынында тик учак "New York Helicopters" компаниясына таандык экенин билдирген. Ошондой эле кырсыктан каза болгондордун аты-жөнү алардын жакындарына кабарлангандан кийин гана белгилүү болорун кошумчалаган.






Нью-Йорктогу дарыясына тик учак кулап түшүп, алты адам каза болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: