super.kg logo

Эми АКШ Кытайдан келген товарларга бажы төлөмдү рекорддук чекке көтөрдү 

 

АКШ Кытайдан келген товарларынын бажы тарифтеринин баасын 145 пайызга көтөрүп, ал дароо күчүнө кире турганын жарыялады. Бул тууралуу Ак үйдүн расмий өкүлү билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

АКШнын президенти Дональд Трамп буга чейин Пекиндин адилетсиз соода тажрыйбасына жооп иретинде Кытайга болгон бажы төлөмдөрүн 125 пайызга көтөрөрүн жарыялаган. Бирок Ак үй бул көрсөткүчкө мурунку 20 пайыздык тариф камтылбаганын тастыктап, бажы төлөм 145 болгонун билдирди.

Белгилей кетсек, Трамп өткөн аптада 185 өлкөдөн жана аймактардан келген товарларга бажы алымдарын киргизүүнү жарыялаган. Анда Кытайга карата алымдар 34 пайыздык чекте киргизилген.

Көп өтпөй Пекин АКШдан импорттолгон бардык продукцияга 34 пайыз өлчөмүндө кошумча алымдарды киргизе турганын жарыялаган. Трамп буга катаал жооп кылып, эгер Пекин өзүнүн өч алуу тарифтерин алып салбаса, 9-апрелден баштап кытай товарларына кошумча дагы 50 пайыз бажы салыгын киргизерин айткан.

Андан соң Ак үй Кытайдан келген товарлар үчүн бажы алымдарын 104 пайызга көтөргөнүн билдирген. Кытай буга кайрадан жоп кылып, америкалык товарларга болгон бажы алымдарын 84 пайызга чейин көтөргөн. Мындан улам Трамп Кытайга болгон 104 пайыздык чекти 125ке чейин көтөргөн.

Пекин Вашингтон менен тарифтик согуштан коркпой турганын жана акырына чейин күрөшөрүн билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: