super.kg logo
  Саясат  

Депутат Камила Талиева баатыр энелерге сый акыны 5 миң сомго көтөрүүнү суранды (видео)

 

Бүгүн, 11-апрелдеги Жогорку Кеңештин "Ата Журт-Кыргызстан" парламенттик фракциясынын жыйынында депутат Камила Талиева баатыр энелерге берилүүчү сый акыны 5 миң сомго көтөрүп берүүнү суранды.

Ошондой эле эл өкүлү учурда баатыр энелер алып жаткан пенсияга жылда 10-15 пайыз кошуп берүү керектигин кошумчалады.

"Жогорку Кеңештен, комитеттен дагы 1000 сомдук сый акыны 5 миң сомго чейин көтөрүү токтомун чыгарткам. Президентке, өкмөткө канча жолу кат жаздым, Жогорку Кеңештин токтому аткарылбай жатат. Мага байма-бай аймактарга барганда, баатыр энелер кайрылышат. Бизде азыр 33 миң баатыр энебиз бар, ошонун баары "сый акыны 5 миң сомго көтөрүп беришсе" деп жатышат.

Азыр бизде элдин санынын көбөйүшү төмөндөп бара жатат. Баатыр энелерге мамлекет тарабынан камылга болуш керек. Азыр алар 6900 пенсия алышат экен, бул жакшы. Ошого жылда 10-15 пайыз кошуп берсеңиздер", - деди






Жогорку Кеңеш

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: