super.kg logo

Депутат Акаев Москвада кыргызстандыктар сабалганын билдирип, видеосун жарыялады  (видео)

 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасына күч түзүмдөрү тарабынан ур-токмокко алынып жаткандардын видеосун жарыялап, сабоого алынгандар кыргызстандыктар экенин билдирди.

"Мекендештер, Москвадагы кыргыз ишкеринин мончосуна ОМОН менен бирге бастырып кирип келген жоон топ, биздин жердештерди жапайыларча сабап киргени акылга сыябы?!

Бийлик өкүлдөрү, ТИМ, элчилик кана реакция?! Өткөндө да кыргыз ишкеринин имаратына кирип келишип, террорчулардан беш бетер сабап кетишкен. "ЕАЭБде мүчөбүз, союздашпыз, стратегиялык өнөктөшпүз" деп, жүздөгөн мекендешибизди сабатып, унчукпай коёбузбу?

Тез арада тиешелүү иш-чараларды алып баруу зарыл! Жөн эле өз жумушун жасап, тынч оокат кылып жүргөндөргө мындай жапайылык, зөөкүрлүк кылгандарды Орусиянын күч органдары тез арада жоопко тартып, маалыматты биздин эл алышы керек.

Кылмыш кылгандарды компенсация төлөтүп, бардык келтирилген чыгымдарды калыбына келтиртип, кечирим суратыш керек!" - деп жазды ал.






12.04.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.04.2025. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ЕАЭСиңер көзгө көрүнөөр эмне натыйжа берип жатат өзү? ошону эле айтып койгулачы айланайындар, элестетет Кыргызстанга келип мончо ачып иштеткен окендерди ушинтип тызылдатып жатсаң эртең буларың эмне жооп кайтармак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: