super.kg logo
  Спорт  

Күрөш боюнча Европа чемпиондугунун финалында адаттан тыш окуя болду

 

Словакияда өткөн күрөш боюнча Европа чемпиондугунун 72 килограмм салмак категориясынын финалында адаттан тыш окуя болду.

Тагыраагы, Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) беттеште калыс ката кетиргенин моюнга алып, бул салмак категориясында эки чемпионду жарыялады.

72 килограмм салмактын финалында венгриялык Левенте Леваи менен франциялык Ибрагим Ганем кез келген. Беттеш 4:4 эсебинде аяктап, венгриялык балбан акыркы болуп упай алгандыгы үчүн жеңүүчү деп табылган. Бирок беттеш аяктагандан кийин француз балбанынын машыктыруучулары протоколдо ката бар экенин далилдөөгө аракет кылган.

Талаштуу учур үчүнчү пассив берүүдөн кийин болгон. Калыстар венгриялык балбанга өз позициясын тандоого мүмкүнчүлүк бергендин ордуна, жаңылып бир упай берип алышкан. Дал ушул 1 упай акыркы эсепке таасирин тийгизген. Калыстык туура болсо, Ибрагим Ганем 4:3 эсебинде жеңишке жетиши керек болчу.

Француз делегациясы расмий нааразылык билдирип, финалдан бир нече саат өткөндөн кийин UWW өкүлдөрү катаны моюнуна алышкан. Жыйынтыгында эки финалист – Левенте Леваи менен Ибрагим Ганем 72 килограммга чейинки салмак категориясында 2025-жылкы Европа чемпиону деп жарыяланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: