super.kg logo
  Саясат  

11-январда Жогорку Кеңештин төрагасы А.Жээнбеков Чүй облусуна иш сапары менен барат

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков эртең, 11-январда аймактардагы шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү үчүн Чүй облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, төраганын иш сапарына Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышат. Иш сапардын алкагында А.Жээнбеков Москва, Жайыл жана Панфилов райондорундагы шайлоочулар менен жолугушат. 
Ошондой эле төрага баштаган парламентчилер тобу бир катар социалдык объектилерди жана билим берүү мекемелерин, анын ичинде Жайыл районундагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун, Кара-Балта шаарындагы «Шарлотта» балдар кризистик борборунун жана Сосновка айылындагы орто мектептин иши менен таанышат. Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, 2014-жылдын 8-11-январь аралыгында депутаттар өлкө аймактарындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: