super.kg logo

Бишкекте көмүр менен иштеген беш отканага жылуулук насостору орнотулду

 

Борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануусун азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында "Бишкек жылуулук энерго" муниципалдык ишканасы беш көмүр отканага жылуулук насосторун орнотуу иштерин аяктады. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалымдалгандай, жылуулук насостору №118, №111, №106 билим берүү жана №55, №56 мектепке чейинки билим берүү уюмдарына орнотулду. Орнотулган жылуулук насосторунун жалпы саны 66 бирдикти түзөт.

Белгилей кетсек, жылуулук насостору алдыдагы жылытуу мезгилинде иштей баштайт жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Жылуулук насосторун колдонуу экологиялык абалды жакшыртуудагы маанилүү артыкчылыктардын бири болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: