УКМК: Түп райондук сотунун бөлүм башчысы кармалды (видео)







Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал К.Б. аттуу жарандан соттун өкүмүн өзгөртүү жөнүндө маселени оң чечкендиги үчүн 85 миң сом алган. Бирок ал өкүм Жогорку Сот тарабынан кассациялык тартипте каралып, өзгөртүүсүз күчүндө калтырылган.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, ал 11-апрелде мурда алынган параны кайтарып берип жатканда кармалган. Шектүү соттун санкциясына ылайык, Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
УКМК
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.