Аргентинада түшкөн чагылгандан 3 адам каза таап, 22си жаракат алды



Аргентинадагы Вилья-Хесель курорттук шаарына түшкөн чагылгандан 3 адам каза таап, 22си жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары бүгүн, 10-январда жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя пляжда болгон. Эс алуучулар жамгырдан коргонуп чатырга кирген кезде, ага чагылган түшкөн. Каза болгондор 17, 19 жана 21 жаштагылар. Учурда дагы эки айымдын оор абалда ооруканада жаткандыгы кабарланууда.
Белгилей кетсек, Вилья-Хесель - Атлантика океанынын жээгиндеги курорттук шаарлардын бири.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.