super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев чек ара боюнча керек болсо Баткенге көчүп барарын айтты

 

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде жергиликтүү эл менен жолугушту. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз борбору билдирди.

Жолугушуу бүгүн, 18-апрелде өткөн. Анда Ташиев Баткен облусунун тургундары менен кыргыз-тажик чек арасынын делимитациясына байланыштуу суроолорго жооп берген.

Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасынын чечилиш таржымалын, Совет доорунан бери карай кандай жагдайлар орун алганы тууралуу учкай токтолду. Негизги маселе, учурда чечимин тапкан чек ара маселеси боюнча болуп, Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик тараптар кайсыл жер аянттарын кандай шартта алмашууга барганы тууралуу деталдуу маалымат берди. Жергиликтүүлөрдү кызыктырган суроолорго да так жооптор узатылды.

"Көчүрүлүшү керек болгон Достук айылынын тургундарына мамлекет тарабынан жаңы заманбап үйлөр курулуп берилээри дагы бир ирет белгиленди.

Камчыбек Ташиев эми негизги басымды кыргыз-тажик чек арасынын демаркациялоого жасаарын айтып, зым тартуу иштери үчүн чек ара кызматынын аймакта өздүк курамы, тийиштүү кызматкерлер, жетекчилери менен кошо күчөтүлгөн режимде иш алып бараарын белгиледи. Зым тартуу иштерин ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү тапшырмасын өлкө башчысы Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге милдеттендиргенин айтып, бул тапшырманы аягына чыгаруу үчүн, эгер зарылчылык болсо Баткенге көчүп келип, жумуштун темпин жеке көзөмөлүнө алаарын эскертти", - деп билдиришти УКМКдан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: