super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров расмий сапар менен Бахрейнге барды (видео, фото)

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде Бахрейндин королу Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу боюнча Бахрейнге расмий сапары менен барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы маалымдады.

Билдирүүгө караганда, мамлекет башчынын учагы Манама шаарындагы «Бахрейн» эл аралык аэропортуна конду.

Президент Жапаровду Бахрейн Королдугунун тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Альзаяни жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Бахрейндин королу Хамад бин Иса Аль Халифа, Бахрейндин Консультативдик кеңешинин төрагасы Али бин Салех Аль Салех жана Королдуктун башка расмий өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөрү пландалууда.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-бахрейн өз ара кызматташтыгын эки жакты кызыктырган соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Ошондой эле Кыргызстан менен Бахрейндин ортосунда эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө.

Белгилей кетсек, бул Садыр Жапаровдун Бахрейнге жасаган биринчи расмий сапары.






21.04.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: