super.kg logo
  Саясат  

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү кирди

 

10-январда президент Алмазбек Атамбаев “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 26-декабрында кабыл алынган болчу.

Мыйзамдын максаты – өлкөдө акимдик кызматка дайындоо үчүн талапкерди тандоо тартибин өркүндөтүү жана аны кызматынан бошотуу тартибин тактоо. Башкача айтканда, аким шайлоонун экинчи турунда жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйынында депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добушту алуу ченеми алынып салынат жана эки талапкердин арасынан шайлоого катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгону жеңүүчү катары эсептелет деп аныкталат.

Бул жобо тиешелүү районго акимди дайындоо маселесин ыкчам чечүүгө шарт түзөт

Андан тышкары “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамдын мурдагы редакциясында эгерде кошмо отурум премьер-министрге акимдин кызматына талапкерди кайрадан сунуштай албаса президент премьер-министрдин сунушу боюнча жергиликтүү кеңештерди таркатып жибериши каралган.

Мындан тышкары акимди кызматынан бошотуу тартибин жөнгө салган  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамдын 15-беренеси негиздемелер менен толукталат. Ал толуктоолорго ылайык, аким премьер-министр тарабынан ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: