Ооганстандык мушкер UFC'де дебют жасаарына бир жума калганда АКШда кармалды
Ооганстандык UFC мушкери Ахмад Хазанзада ымыркайды зордуктаганы үчүн АКШда кармалды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
Ал жакында эле UFC уюму менен келишим түзүп, 27-апрелде Канзас-Ситиде алгачкы беттешин өткөрмөк. Бирок ага бир жума калганда мас абалында башка бирөөнүн үйүнө кирип, ымыркайга ыплас иш-аракеттерди жасоого шектелип кармалган. Анын мыкаачылыгы байкоо камераларына түшүп калган.
Мушкер буга чейин UFC президенти Дана Уайттын көңүлүн бурган болсо, эми 25 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Өз кезегинде Дана Уайт эми UFC уюму ооганстандык мушкерлерди албай турганын баса белгилеген.
"Бул Ооганстандан UFC уюмундагы биринчи жана акыркы мушкер болот", - деп белгиледи Дана Уайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.