super.kg logo

Ырчы Сагыныч: "Ата-энемди 23 жылдан кийин жараштырдым" (маек)

 

Калың журттун катмарына "Жашырган махабатым" аттуу ыры менен таанылган ырчы Сагыныч SUPER.KG порталына маек курду. Ырчы мырза чыгармачылыгы, сагыныч менен өткөн балалыгы, жеке жашоосундагы оош-кыйыштар тууралуу кеп кылды.

Маектин жүрүшүндө Сагыныч мырза "Жашырган махабатым" ырынын тарыхына токтолуп, обону өзүнө таандык экенин белгиледи.

"Сөзүн Камчыбек Өскөнбаев деген акын досум жазган. Башында уялдым, “аялым, бала-чакам болсо, кайын журт эмне дейт?” деп. Ошентип ырдабай калгам. Бирок ырдын текстин жазган досум “жакшы ырды ырдабай койдуң” деп айта бергенинен кайра ойлондум. Ырда деле тагдыр болот, бул ыр көптөргө жакты", - дейт ал.

Сагыныч мырза ысымы кандай жагдайда коюлуп калганына токтолуп, "атым тагдырымды жасады десем болот" дейт.

"Мен төрөлгөндө эле ата-энем ажырашып кетип, атамдын агасы келип “бизди укпай ажырашып кеттиңер, ушул бала тууганчыл болсун. Бизди сагындырбай тез-тезден келип турсун” деп атымды Сагыныч коюптур. Атым тагдырымды жасады десем болот", - деди ырчы.

Маекти толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: