super.kg logo

АКШ, Украина жана Европанын өкүлдөрү эртең Лондондо жолугушат 

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский эртең, 23-апрелде Лондондо Украина, АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн делегацияларынын сүйлөшүүлөрү боло турганын тастыктады. Бул тууралуу Зеленский социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Жолугушууда шартсыз ок атышууну токтотуу маселеси каралат.

"Шаршемби күнү биздин өкүлдөр Лондондо иштешет. Украина, Улуу Британия, Франция, Америка Кошмо Штаттары шартсыз ок атышууну токтотууга жана андан кийин чыныгы жана туруктуу тынчтыкты орнотууга даяр. Жардам көрсөткөн бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирем. Шартсыз ок атышууну токтотуу тынчтыкка болгон алгачкы кадам болушу керек жана бул Пасха майрамында дал ушул Орусиянын аракеттери согуштун уланышына себеп болуп жатканын көрсөттү", - деп жазган Зеленский.

Ал эми АКШнын жергиликтүү басылмаларынын маалыматына караганда, Америка тараптан сүйлөшүүлөргө АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана президент Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Кит Келлог катышат. Алар Франциянын, Германиянын, Британиянын жана Украинанын тышкы иштер министрлери жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери менен жолугуша турганы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: