super.kg logo

Кызматтык унаалар тоннелдерден бекер өтмөй болду

 

Бишкек–Ош унаа жолундагы тоннелдерден өтүү үчүн төлөнүүчү акыдан кызматтык унаалар бошотулат. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтом "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.

Ага ылайык, эми "Тез жардамдын", милициянын, Улуттук коопсуздук комитетинин, Улуттук банктын, жарандык коргонуу жаатындагы, коргоо маселелерин тескеген, энергетика чөйрөсүндөгү өкүлдөрдүн, майыптыгы барлар башкарган, гуманитардык жүктү ташыган жана айыл чарба өндүмдөрүн ташыган унаалар акы төлөбөйт.

Айта кетсек, учурда тоннелдер үчүн жеңил унаалардан 50 сом, жүк ташуучу унаалардан 100 сом алынат. Төлөмдөр Бишкек - Ош унаа жолундагы "Сосновка" жана "Кара-Көл" посттору аркылуу жүргүзүлүп келет.

2022-жылы өкмөт буга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген. Анда унаалардын категорияларына жараша 50 сомдон 6 миң 600 сомго чейин акы алуу пландалган. Бирок кийин ал долбоор артка кайтарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: