Бишкекте мектептен чыккан эки окуучу дайынсыз жоголду
Бишкекте 12 жаштагы Сабыржан Акунов жана 13 жаштагы Бектурган Казымуханов дайынсыз болууда. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 28-апрелде милицияга өспүрүмдөр 27-апрель күнү саат 19:00дөр чамасында 12-кичи районундагы мектептен чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу кабарланган.
Белгилери:
- Акунов Сабыржан: бою 136 сантиметр, салмагы 35 килограмм. Ал кызыл шорты, кызыл футболка, кара жеңи жок күрмө, бутуна кызыл гедры кийип жүргөн;
- Бектурган Кажымуханов: бою 132 сантиметр, салмагы 32 килограмм. Ал кара түстөгү спорттук кийим кийип жүргөн.
Милиция аталган өспүрүмдөрдү көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 0(312) 52-29-00, 0(312) 54-41-85, 0(507) 50-71-02, 0(706) 41-83-47.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.