Борбор калаада 3 күн бою жарманке өтөт
Айыл чарба министрлиги Бишкекте 2-3-4-май күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөрүн билдирди.
Белгилүү болгондой, иш-чара саат 09:00дөн 19:00гө чейин уланат.
Жарманкенин максаты – ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо, шаар тургундарына азыктарды дүң баада сатуу.
Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай ата көчөсү, Эркиндик жана К.Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.
Суроолор боюнча министрликтин кызматкерине байланышса болот: 0702 702 000.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:26
2025-07-02

23:45
2025-07-01

22:42
2025-07-01

20:55
2025-07-01

17:57
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.