super.kg logo

Бишкекте 73 жаштагы жаран миллиондон ашык сомун алдаткан. Шектүүлөрдүн бири кармалды (видео)

 

Кибер кылмыштуулукка катышы бар делип 45 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 73 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал өздөрүн УКМКнын, ИИМдин жана Улуттук банктын кызматкери катары тааныштыргандар 1 миллион 407 миң 212 сомун ээлеп алышканын айткан.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү бир адам кармалган. Анын жашаган дарегин тинтүүдө роутерге кошулган СИМБОКС, 4 телефон жана 2 ноутбук табылган.

Тергөөдө ал сайттардын биринен жумуш издеп жүрүп, ай сайын төлөнүүчү жарнама таап алганын, шилтеме аркылуу компаниянын директору катары өзүн тааныштырган бир адам менен байланышып, тийиштүү аппарат алдырып, AnyDesk программасы аркылуу алыстан туташышканын айткан.

Шаардык милиция учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана издөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.






04.05.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: