Ошто мамлекетке кайтарылган бала бакча оңдолууда (видео)
Ош шаарындагы №18 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу 5-майда шаар бийлиги билдирди.
Маалымдалгандай, 280 орундуу бала бакчанын чатырын алмаштыруу, ичин жасалгалоо жана балдар ойноочу аянтчаларын куруу иштери жүрүүдө.
Эске салсак, жакында Башкы прокуратура аталган бала бакчанын 1998-жылы мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен деген негизде мамлекетке кайтарылганын маалымдаган.
05.05.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.