super.kg logo

Нурсултан Назарбаевдин жубайы Сара Назарбаева ооруканага түштү

 

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жубайы Сара Назарбаева ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу казакстандык Orda порталы жазды.

Маалыматка ылайык, 84 жаштагы Сара Назарбаева учурда Алматы шаарындагы Президенттин иш башкармалыгына караштуу медициналык борбордо дарыланып жатат. Анын жанында жакын туугандары жүргөнү кабарланууда.

Учурда экс-президенттин жубайы эмнеге ооруп калганы такталып жатат. Бул маалыматты коомдук ишмер, Алматы шаарынын Коомдук кеңешинин мүчөсү Рафаэль Гасанов да өзүнүн Facebook баракчасында ырастаган.

Эске салсак, 2024-жылдын декабрь айында "Сара Назарбаева каза болду" деген маалымат тараган. Бирок бул маалыматты мурдагы президенттин басма сөз катчысы дароо четке каккан.

2025-жылдын январь айында Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаев мыйзамга өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, мурдагы президенттердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу жана жеке жашоосу тууралуу маалыматтар мамлекеттик сыр болуп эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: